Билл Гейтс жана Безостун яхталары Бодрумда
Технология фирмасы Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтстин «Лана» жана Американын электрондук соода гиганты Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безостун "Flying Fox" аттуу мега яхталары Мугланын Бодрум районундагы булуңдарга якорь таштады.
Технология фирмасы Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтстин «Лана» жана Американын электрондук соода гиганты Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безостун "Flying Fox" аттуу мега яхталары Мугланын Бодрум районундагы булуңдарга якорь таштады.
Билл Гейтстин узундугу 107 метр, туурасы 16 метр болгон Кайман аралдарынын желеги иилнген "Лана" аттуу яхтасы Түркбүкү мааласына жакын жерге токтоду. Мезгил - мезгили менен экипаждын жээкке кайык менен чыкканы байкалды.
Спорт залы, джакузи, пляж клубу, бассейн, суу спорту жабдыктары сыяктуу түрдүү мүмкүнчүлүктөр болгон яхтада кыймылдын таасирин азайтуучу стабилизаторлор да бар.
Жефф Безостун Кайман аралдарынын желеги илинген 136 метрлик "Flying Fox" яхтасы Йалы Махаллеси жээгиндеги булуңга якорь таштады. Булуңдун ар кайсы жеринен көрүнгөн яхта чоңдугу менен көңүлдөрдү бурууда.
Эки тик учар конуучу аянты менен бир тик учар болгон яхтадан чыккан жогорку ылдамдыктагы кайык Бодрум жол тартты. Бассейни, джакузи, , спорт залы, суу спорту жана кинотеатры болгон яхтада 11 кабинада 22 конокту тосууга болот. Яхта мурунку күндөрдө Гөкова булуңундагы Акбүк булуңу менен дагы бир топ булуңга якорь таштаган. Яхта мурунку күндөрдө Гөкова булуңундагы Акбүк булуңу жана башка булуңдарга токтоду.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.