Президент Эрдоган Аныткабырды зыярат кылды

Зыяраттан киийн президенттик комплексте куттуктоолорду кабыл алды.

1726602
Президент Эрдоган Аныткабырды зыярат кылды
erdogan tebrik.jpg

Республиканын 98 – жылын белгилөөнүн негизинде президент Режеп Таййип Эрдоган жана мамлекеттик кызматкерлер Түркия Республикасынын куруучусу, Улуу жол башчы Ататүрктүн мавзолейин зыярат кылды.

Президент Эрдоган Аныткабирдин атайын дептерине кол койду. Эрдоган дептерге буларды жазды : «Улуу Ататүрк, республикабыздын 98 – жылыга жетишинин кубанычын жашап жаткан бул күндө сизди, курал жолдошторуңузду жана каарман шейиттерибизи дагы бир жолу ыраазычылык менен эскеребиз. Шейиттерибиз жанын аябастан бизге аманатка калтырган республикабызды бардык тармактарда күчтөндүрүп, кадыр  - баркын арттыруу жана дүйнөнүн эң күчтүү 10 экономикасынын бир калуу үчүн күнү  -  түнү иштеп жатабыз.

Бүткүл адамзат коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам олуттуу кризистер менен күрөшүп жаткан учурда Түркия экспорт, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш жана инвестиция тармагындагы ийгиликтери менен өнүгүү жолун улантууда. Даңктуу тарыхый жеңиш менен толгон каарман бир улуттун мүчөлөрү катары республикабызды 2023 – жылдагы максататрына жеткирүүдө чечкиндүүбүз. Бейкуттукта жатыңыз».

Салтанаттан кийин Аныткабир жарандардын зыяратына ачылды.Аныткабирдеги аземден кийин Эрдоган президенттик комплекске барды. Эрдоган комплексте 29 -  Октябрь Республика майрамы үчүн куттуктоолорду кабыл алды.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар