Кызгылт сары категориядагы террорист багынып берди
2021-жылы багынып берген уюм мүчөлөрүнүн саны 167ге жеткени баса белгиленди.
Жикчил террордук уюм ПККдан качкан жана издөөдөгү террористтер тизмесинде кызгылт сары категорияда болгон террордук уюмдун 1 мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, министрликтин координациясында Жандармерия башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көндүрүү аракеттеринин натыйжасында террордук уюм ПККдан качкан 1 террористтин бүгүн коопсуздук күчтөрүнө багынганы белгиленди.
Билдирүүдө багынып берген уюмдун мүчөсүнүн 2010-жылы террордук уюмга кошулганы, террорчулук үчүн издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинде кызгылт сары категорияда болгону жана Иракта иш алып барганынын аныкталганы кабарланды.
Билдирүүдө, уланып жаткан ынандыруу аракеттеринин натыйжасында 2021-жылы багынып берген уюм мүчөлөрүнүн саны 167ге жеткени баса белгиленди.