Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Римде дискуссия өткөрөт

Панелде Ковид-19 эпидемиясынан кийин пайда болгон жаңы дүйнө тартибинде Түркиянын глобалдык башкарууга мамилеси, Чоң жыйырмалыктын жана Бириккен Улуттар Уюмунун ролу, БУУ реформасы боюнча Түркиянын сунуштары каралат.

1725846
Президенттиктин коммуникация башкармалыгы Римде дискуссия өткөрөт

Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан 30-31-октябрда Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлө турган G-20 саммитинен мурда «Ковид-19дан кийин глобалдык башкаруу: Тең укуктуу, адилеттүү, бекем жана туруктуу дүйнө үчүн Түркиянын көз карашы» панели уюштурулат.

Панелде Ковид-19 эпидемиясынан кийин пайда болгон жаңы дүйнө тартибинде Түркиянын глобалдык башкарууга мамилеси, Чоң жыйырмалыктын жана Бириккен Улуттар Уюмунун ролу, БУУ реформасы боюнча Түркиянын сунуштары каралат.

Курултайда ошондой эле климаттын өзгөрүшү, инновацияларды колдоо, жакырчылык менен теңсиздиктен чыгуунун жолдору, экономика жана каржы тармактарында глобалдык башкарууну кантип чыңдоо сыяктуу көптөгөн маселелер талкууланат.

Панельде Чоң жыйырмалыктын саммити жана күн тартибиндеги темаларга байланыштуу тийиштүү адистер менен маектер жана видеолор тартылат.



Тектеш кабарлар