Эрдоган:«Түркиянын көз карандысыздыгын урматтабаган эч ким бул өлкөдө жашай албайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган баш калаа Анкарада өткөн Президенттик кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1724762
Эрдоган:«Түркиянын көз карандысыздыгын урматтабаган эч ким бул өлкөдө жашай албайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын көз карандысыздыгын жана улуттун сезимталдыгын урматтабаган эч кимдин бул өлкөдө наамына карабай жашай албасын айтты.

Эрдоган, баш калаа Анкарада өткөн Президенттик кабинет жыйынынан кийин жасаган билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) баш болгон кээ бир өлкөлөрдүн Анкарадагы элчиликтери ишкер Осман Каваланын «бошотулушу» жөнүндөгү чакырыктарынан кийин бүгүн Вена конвенциясынын 41-беренесине баш ийе тургандарын жарыялагандарына токтолду.

«Элчилер тарабынан айтылган орой билдирүүлөр кайсы бир инсанды эмес, түздөн-түз өлкөбүздүн сот системасын бутага алды»,- деген Президент, Түркиянын сыйкорлугун алсыздык катары көрүп, эски адаттарына кайрылгандардын каталарын моюнга алышмайынча алар жоопторун ала турганын айтты.

Акыркы мезгилде кээ бир өлкөлөрдүн элчиликтеринен жасалган билдирүүсүн ушундай кабыл алышканын белгилеген Эрдоган: «Мындай мамиле өлкөбүздөгү сот системасына, прокурорлорубузга, адвокаттарыбызга жана бардык сот кызматкерлерине карата акаарат болуп эсептелет. Түркиянын сот системасы эч кимден көрсөтмө албайт, эч кимге баш ийбейт»,-деди.

 «Көз карандысыз жана калыс сот системасы менен керектүү жоопту берүү биринчи кезекте Мамлекет башчысы катары биздин милдетибиз»,-деп айткан Президент мындай деди: «Максатыбыз кризиске алып келүү эмес, Түркиянын ар-намысын, сыймыгын жана абийирин коргоо. Бүгүн элчиликтердин билдирүүсү менен катачылыктары артка кайтарылды. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгына урмат-сый көрсөтпөгөн эч кимдин наамы кандай болсо дагы өлкөбүздө жашай албай турганын айрыкча билдиргим келет».

Осман Каваланын бошотулушу жөнүндө билдирүүгө кол койгон АКШ жана кээ бир өлкөлөрдүн Анкарадагы элчиликтери, бүгүн, дипломаттардын турган өлкөлөрдүн мыйзамдарына жана эрежелерине баш ийүүсүн шарттаган «Дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясынын» 41-беренесине ылайык иш кылышканын жарыялоо менен артка кадам ташташты.

 



Тектеш кабарлар