Түрк Кызылайы Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Түрк Кызылайы дүйнөнүн ар кайсы аймактарына жардам колун сунууну улантууда. Бул жолку дарек Ооганстан болду.

1723988
Түрк Кызылайы Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Түрк Кызылайы Ооганстанга 142 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Түрк Кызылайы дүйнөнүн ар кайсы аймактарына жардам колун сунууну улантууда. Бул жолку дарек Ооганстан болду.

5 жүк ташуучу унаа азык-түлүк жардам менен Пакистан аркылуу Ооганстанга жөнөп кетти.

Пакистан-Ооганстан чек арасындагы Торхам чек ара бекети аркылуу 142 тонна гуманитардык жардам өттү.

Жардам Ооганстандын борбору Кабул менен катар Дайкунди, Лахман жана Нуристан провинцияларында таратылат.

Азык-түлүк колдоосунан 30 миңден ашуун адамдын пайдаланышы күтүлүүдө.

Түрк Кызылайы 2-октябрда да Ооганстанга 33 тонна азык-түлүк жардамын берген.



Тектеш кабарлар