Сүлейман Сойлу Улан Ниязбеков менен жолугушту

Сойлу менен Ниязбеков Стамбулда бетме-бет өтө турган жолугушуунун алдында кыскача баа беришти.

1724134
Сүлейман Сойлу Улан Ниязбеков менен жолугушту

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугушту.

Сойлу менен Ниязбеков Стамбулда бетме-бет өтө турган жолугушуунун алдында кыскача баа беришти.

Бир канча күн мурда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолуккандарын эске салган Сойлу, Түркиянын дүйнөдө Кыргызстанды биринчилерден болуп тааныган мамлекет экенине көңүл бурду.

Сойлу: «Тарыхый-маданий байланыштарыбыз менен катар бири-бирибизди алгачкы учурдан тартып өз ара колдообуз дагы ушундай уланып жатат. Кыргызстан менен кыргыз элинин өлкөбүздүн, улутубуздун жүрөгүндө өзгөчө орду бар»,-деди.

Түркиянын өзгөчө иммиграциядан кибер кылмыштуулук менен күрөшүүгө, баңги заттан террорго чейин көп тармакта маанилүү өнүгүүлөрдү жасаганын белгилеген Сойлу: «Коопсуздук боюнча кызматташтык келишимине мүмкүн болушунча эртерээк кол коебуз деп үмүттөнөм. Биз кайрадан биргелешип абдан күчтүү сапарга чыгабыз. Биз бирге жасай турган көп иштерибиз бар»,-деп айтты.

Жолугушуу басма сөз үчүн жабык түрдө уланды.



Тектеш кабарлар