Фахреттин Алтун : "Түрк дүйнөсүнөн 500дөн ашуун конокту тосуп алабыз"

Түрк Кеңешинин Медиа форумунун биринчи жолугушуусу Түркияда өтөт.

1723472
Фахреттин Алтун : "Түрк дүйнөсүнөн 500дөн ашуун конокту тосуп алабыз"

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун 2019 -  жылы курулган Түрк Кеңешинин Медиа форумунун биринчи жолугушуусун Түркиянын өткөрөрүн билдирди.

Алтун твиттерден берген маалыматында : «Түрк Кеңеши  2019 -  жылы Түрк Кеңешинин Медиа форумунун курулушуна чечим чыгарган. Бул форумдун биринчисин өткөрүүдөн абдан кубанычтуубуз. Эртең  Стамбулда «Тамырлуу тарых,  күчтүү келечек» деген темада түрк дүйнөсүнөн 500дөн ашуун конокту тосуп алабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар