Түркия үчтүк саммитке каршылыгын көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө кечээ Греция, Египет жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) лидерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн үч тараптуу саммиттен кийин жарыяланган билдирүүгө каршылык көрсөтүлдү.

1722209
Түркия үчтүк саммитке каршылыгын көрсөттү

Түркия, Греция, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу (ТКРБ) жана Египеттин лидерлер саммитинен кийин, «Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын да, Кипр түрктөрүнүн да укуктары чечкиндүү түрдө корголо туганын»,билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө кечээ Греция, Египет жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун (ТКРБ) лидерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн үч тараптуу саммиттен кийин жарыяланган билдирүүнүн, грек-рум дуэтинин Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) карай душмандык саясатынын жаңы көрүнүшү экени билдирилди. Бул билдирүүгө Египеттин кошулушу Каирдин администрациясы Чыгыш Жер Ортолук деңизинде кызматташууга боло турган чыныгы даректи али түшүнө электигинин көрсөткүчү экени белгиленди.

«Биз Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркия жана ТКТР катышуусу болбостон эч кандай демилге ийгиликтүү боло албасын досторго да, душмандарга да көрсөттүк» дегенсөздөргө орун берилген билдирүүдө, Түркиянын аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыра турган энергетикалык долбоорлорду колдогону, бирок бул долбоорлордун Түркия менен Кипр түрктөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын четке какпашы керектиги жана камтуучу болушу керектиги баса белгиленди.

Билдирүүдө, декларациядагы билдирүүлөрдүн тескерисинче, региондогу чыңалуунун негизги булагы грек-рум дуосунун максималисттик жана мыйзамсыз деңиз чек ара дооматтары жана кипрдик түрктөргө көңүл бурбоо экени баса белгиленди. Билдирүүдө айрыкча бул дуонун Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чыңалууну күчөтүү үчүн Түркиянын континенталдык текчесин бузуу аракеттерине өткөн күндөрдө керектүү жооптун берилгендиги жана Түркиянын да, Кипр түрктөрүнүн да укуктары чечкиндүү түрдө корголоору белгиленди.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген: «Аралда болгон фактыларды четке каккан түшүнүк Кипр маселесинин чечилишине салым кошуусу мүмкүн эмес. Кипр түрктөрүнүн эгемен теңдиги жана бирдей эл аралык статусу каттоого алынбастан жаңы сүйлөшүү процессинин мүмкүн эместигин дагы бир жолу эске салгыбыз келет.

Мындан тышкары, кээ бир легитимсиз топтордун колдоосу менен Ливияны баш аламандуулукка алып келген бул өлкөлөрдүн, эми биздин Ливиянын мыйзамдуу өкмөтү менен кол койгон өз ара түшүнүшүү меморандумун бутага алганы Ливиянын кызыкчылыктарын жана эгемендигин сыйлабастык».



Тектеш кабарлар