Түркия Нигерияга көңүл айтты
Нигериянын Сокото облусундагы базарда болгон террордук кол салууда кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылып, көп сандаган адамдар жаракат алышкан.
Түркия Нигериянын Сокото облусундагы базарга болгон куралдуу кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2021-жылдын 18-октябрында Нигериянын Сокото облусунун Гороньо аймагында эл жыш жүргөн базарда болгон террордук кол салууда кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылып, көп сандаган адамдардын жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Биз бул коркунучтуу террордук кол салууну катуу айыптайбыз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен дос Нигерия элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтып, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин каалайбыз»,- деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.