Собажы: «Дүйнө көбүрөөк диалогго, талкууга, жалпы ой жүгүртүүгө, пикир алмашууга муктаж»

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Мехмет Захид Собажы быйыл бешинчиси «Күч жана парадокс: 21 -кылымда Улуу Стратегияны түшүнүү» темасы менен онлайн түрүндө өткөрүлгөн TRT World Forum 2021дин ачылыш сөзүн сүйлөдү.

1721928
Собажы: «Дүйнө көбүрөөк диалогго, талкууга, жалпы ой жүгүртүүгө, пикир алмашууга муктаж»
Mehmet Zahid Sobacı.jpg

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Мехмет Захид Собажы, дүйнөнүн азыр мурункуга караганда көбүрөөк диалогго, талкууга, жалпы ой жүгүртүүгө, пикир алмашууга жана жаңы түшүнүктү өнүктүрүүгө муктаж экенин айтты.

Собажы быйыл бешинчиси «Күч жана парадокс: 21 -кылымда Улуу Стратегияны түшүнүү» темасы менен онлайн түрүндө өткөрүлгөн TRT World Forum 2021дин ачылыш сөзүн сүйлөдү.

30дан ашуун өлкөдөн 100гө жакын баяндамачыны кабыл алган TRT World Forumунда бүткүл адамзатты ойлондурган глобалдык маселелердин эки күн бою талкуулана турганын белгилеген Башкы директор, дүйнө азыр диалогго, талкууга, жалпы ой жүгүртүүгө, пикир алмашуу жана мурда болуп көрбөгөндөй жаңы түшүнүктү өнүктүрүүгө муктаж экенин баса белгиледи.

20-кылымдын аягынан бери мамлекеттер мурда эч качан кездешпеген жана бүткүл адамзатка тиешелүү болгон кээ бир жалпы көйгөйлөргө туш болгонун белгилеген Собажы төмөнкүдөй баа берди: «Глобалдык терроризм, Ковид-19 сыяктуу эпидемиялар, экологиялык кырсыктар, глобалдык жылуулук, интернеттеги кылмыштар жана кибер чабуулдар, массалык миграция жана кирешелерди бөлүштүрүү адилетсиздиги сыяктуу улуттук чек арадан ашкан татаал көйгөйлөр, глобалдык саясий жана экономикалык системаны көп өлчөмдүү кризистерге жана коркунучтарга дуушар кылууда. Бүгүнкү күндө эл аралык масштабдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызматташуу жана өз ара көз карандылык биринчи планга чыгууда. Дүйнөлүк экономикалык жана саясий системанын эффективдүүлүгү жогорку деңгээлдеги, ар тараптуу жана үзгүлтүксүз глобалдык кызматташтыктан көз каранды».

Собажы TRT World Forum менен глобалдык жана аймактык маселелерди эл аралык коомчулуктун күн тартибине полифониялык жана көп өлчөмдүү көз карашта алып чыгышканын айтып: «Биз адамдарды борборго койгон теле-радио түшүнүгүбүз менен жакыр аймактардын, коомдордун жана жеке адамдардын үнү болууга умтулабыз. Биздин берүү принциптерибизге ылайык, дүйнөгө коркунуч туудурган бардык кризистерге сезгичтигибизди биздин телекөрсөтүү жана радио каналдар, санариптик платформалар аркылуу дүйнөнүн 7 континентине 41 тил жана диалектилер менен жеткирүүдөбүз»,-деди.

Бул процессте медиачылардын да чоң жоопкерчиликтери бар экенин баса белгилеген Собажы: «Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн жарыкка чыгарган, коомдук жана глобалдык маалымдуулукту жогорулатууга салым кошкон жаңы медиачылык түшүнүгү санариптик башкаруу доорунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул контекстте биз TRT World Forumду келечекти калыптандырууда интеллектуалдык талкуу аянтчасы катары көрөбүз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар