Эрдоган Африка сапарын бүгүн баштады

Президент Эрдоган кесиптештеринин чакыруусу менен 17-20-октябрь күндөрүнүн аралыгында Ангола, Того жана Нигерияга барат.

1720637
Эрдоган Африка сапарын бүгүн баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Африканын 3 өлкөсүн камтыган сапарын бүгүн баштайт.

Президент Эрдоган кесиптештеринин чакыруусу менен 17-20-октябрь күндөрүнүн аралыгында Ангола, Того жана Нигерияга барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта Эрдогандын Анголага сапары Түркиянын бул өлкөгө президенттик деңгээлдеги биринчи расмий сапары экени белгиленди.

Июль айында Анголанын президенти Жоао Мануэль Гонсалвес Лоренчонун Түркияга сапары менен күч алган саясий жана экономикалык карым - катнаштардын бул тарыхый сапар менен улантыла турганы билдирилди. Ошондой эле Эрдогандын Анголага болгон сапары учурунда Ангола Улуттук Ассамблеясында сөз сүйлөөрү белгиленди.

Того аялдамасынын да Түркиядан президенттик деңгээлиндеги биринчи расмий иш сапары болгонунун себебинен тарыхый мүнөзгө ээ экени белгиленген билдирүүдө, Ломе шаарында боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым -катнаштардын бардык аспектилеринин талкууланары жана кызматташтыкты чыңдоого басым жасалаары маалымдалды.

Билдирүүдө президент Эрдогандын Африка турунун акыркы аялдамасында тамыры терең жана күчтүү карым-катнаштары бар Нигерияга бара турганы жана расмий жолугушуулар өткөрүлө турган Абуджада учурдагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн таштала турган кадамдар бааланары белгиленди.

Бул сапарлар лидерлерге аймактык жана эл аралык маселелер, ошондой эле эки тараптуу карым -катнаштар боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берери айтылды.

Эрдогандын Ангола жана Нигерияда сапарынын алкагында уюштурула турган бизнес форумдарда иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулары пландаштырылганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар