ТИКАдан Суданга айыл чарба колдоосу

ТИКА мурунку келишимди жаңыртты.

1719921
ТИКАдан Суданга айыл чарба колдоосу

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) Судандын Аль-Жазира облусундагы Судан-Түркия ген ресурстары жана жасалма уруктандыруу борборун өнүктүрүү боюнча мурунку келишимди жаңыртты.

Аль-Жазира губернаторлугундагы кол коюу аземине ТИКАнын Судан координатору Билал Өзден, губернатор Абдулла Идрис жана борбордун директору Сафа Абдуррахман катышты.

Түркия менен болгон карым-катнаштарын «башкача жана терең тамырдуу» деп мүнөздөгөн губернатор Идрис, Түркиянын колдоосунун ар бир тармакта байкалганын жана үзгүлтүксүз экенин айтты.

Идрис борбордун күчтүү техникалык жана илимий өзгөчөлүктөргө ээ экенин белгилеп: «Ушунун негизинде биз Суданда мал чарба тармагында маанилүү өзгөрүүлөрдү күтөбүз»,- деди.

Ген ресурстары жана жасалма уруктандыруу борборунун директору Абдуррахман 5 жылга күчүндө боло турган келишим борбордун жабдууларынын кемчиликтерин толуктоону, жаныбарлардын эсебин жүргүзүүнү, дүйнөнүн бардык булуң бурчтарына уруктун экспорттолушу үчүн сапат сертификатына жетүүнү көздөгөнүн билдирди.

ТИКАнын координатору Өзден да, февраль айында мөөнөтү бүткөн борбордун иштеши боюнча келишимди кээ бир жаңы жагдайларды кошуу менен жаңыртышкандарын айтты.

Өзден, бул борбордун эл аралык сапат стандарттары сертификатын алса, Судан экономикасына чоң салым кошоорун күткөндөрүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар