Шентоп Тажикстандын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Зокирзода менен жолугушту

Андан кийин Шентоп менен Зокирзода Диван залында өткөрүлгөн делегациялардын жолугушуусун жетектешти.

1719233
Шентоп Тажикстандын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Зокирзода менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Тажикстандын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Махмадтоир Зокирзода менен жолугушту.

Шентоп парламенттеги кеңсесинде Түркияга иш сапары менен келген Тажикстандын өкүлү Зокирзода менен жеке жолугушуу өткөрдү.

Андан кийин Шентоп менен Зокирзода Диван залында өткөрүлгөн делегациялардын жолугушуусун жетектешти.

Шентоп, Тажикстан делегациясынын сапары эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты, айрыкча парламенттер ортосундагы карым-катнашты бекемдерине ишенгенин айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда ондогон жылдар бою өз ара пайда түшүнүгү менен ийгиликтүү уланган экономикалык кызматташтыкты дагы да күчтөндүрүү үчүн потенциал бар экенин баса белгилеген Шентоп: «2021-жылдын биринчи жарымында соода көлөмүбүздүн 67 пайызга өсүшү негизинен бул потенциалдын көрсөткүчү болуп саналат»,-деди.

Зокирзода да: «Тажикстан менен Түркиянын мамилелеринде жаңы ылдамдык пайда болду, бул чөйрөдө жаңы иштерге кол коё аларыбызга ишенем»,-деп айтты.

Билдирүүлөрдөн кийин Шентоп менен Зокирзода парламенттер аралык кызматташтык протоколуна кол коюшту.



Тектеш кабарлар