ЕБ менен Түркия кызматташтыгын арттырат

Илва Йоханссон борбор шаар Анкарада ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолуккандан кийин Түркияга болгон сапары тууралуу социалдык медиада пикирлерин айтты.

1718844
ЕБ менен Түркия кызматташтыгын арттырат

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын ички иштерден жооптуу мүчөсү Илва Йоханссон ЕБ менен Түркиянын мигранттардын аткезчилигине каршы күрөштө кызматташтыгын арттырарын билдирди.

Илва Йоханссон борбор шаар Анкарада ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолуккандан кийин Түркияга болгон сапары тууралуу социалдык медиада пикирлерин айтты.

Министр Сойлу менен миграция жана коопсуздук маселелери боюнча биринчи жогорку деңгээлдеги диалог жолугушууларын өткөргөндөрүн белгилеген Йоханссон, миграциялык башкаруу, адам аткезчилиги жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, террордук чабуулдарды алдын алуу боюнча Түркия менен ЕБнин кызматташтыгын күчтөндүрүү жагынан бул жолугушуулардын маанилүү экенин баса белгиледи.

Йоханссон Түркиянын эң көп качкындарды кабыл алган өлкө экенин эске салып: «Жыйында (Сойлу менен) биз Ооганстандагы кырдаалдан келип чыккан көйгөйлөрдү жана тынчсызданууну пайда кылган биргелешип иштөө менен гана чечүүгө боло турган кыйынчылыктарды талкууладык»-деди.

Йоханссон: «Контрабандалык тармактардын көбү баңги зат жана курал-жарак аткезчилиги менен алектенишет. ЕБ менен Түркия бул тармактарды үзүү үчүн кызматташтыктарын арттырат. Техникалык сүйлөшүүлөр Анкарага болгон сапарымдан кийин башталат»,- деди.



Тектеш кабарлар