Түрк аба жолдорунун билеттерди арзандатуу өнөктүгү

Түрк аба жолдору ыңгайлуу баада саякаттоо мүмкүнчүлүгүн тартуулоодо.

1718347
Түрк аба жолдорунун билеттерди арзандатуу өнөктүгү

Түрк аба жолдору (THY) Түркия Республикасынын жарандарына Чыгыш Европа жана Балкан өлкөлөрүндөгү виза же паспорт талап кылбаган шаарлар менен бирге көптөгөн жерлерге ыңгайлуу баада саякаттоо мүмкүнчүлүгүн тартуулоодо.

THYнын Басма сөз кызматы тарабынан берилген маалыматка караганда, чектелген орун үчүн жарактуу болгон өнөктүктөн пайдаланууну каалаган THY жүргүнчүлөрү 11-21-октябрда сатып ала турган билеттери менен 1-ноябрдан 2022-жылдын 27-апрелине чейин Балкан өлкөлөрүндөгү Бухарест, Констанца, Скопье жана Приштинага 109, София, Варна, Кишинев, Клуж, Загреб, Любляна, Дубровник жана Сараевого 119,  Белградга 129, Подгорицага 139, Кавказ өлкөлөрүндө Тбилисиге 129, Батумиге 119, Украинада Харьков, Львов жана Запорожияга 129, Николаевге 139, Киевге 159 жана Одессага 169 доллардан башталган баалар менен уча алышат.

Балкан өлкөлөрүнүн Белград, Подгорица, Приштина, Сараево жана Скопье шаарларына визасыз, ал эми Украина менен Молдовага болсо паспортсуз жеке күбөлүк менен гана кирүүгө болот.

Өнөктүктүн алкагында арзандатуулар THY сайтынан алынган билеттер үчүн жарактуу болот. Баалар билет кассаларында жана агенттиктерде ар кандай болушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар