Министр Элван француз кесиптеши менен жолугушту

Бул тууралуу министр Лүтфи Элван өзүнүн Твиттер эсебинен жазды.

1715896
Министр Элван француз кесиптеши менен жолугушту

Казына жана каржы министри Лүтфи Элван, OECDнин Министрлер Кеңешинин жыйынынын алкагында Франциянын экономика жана каржы министри Бруно Ле Майер менен жолугушту.

Министр Лүтфи Элван өзүнүн Твиттер эсебинен жазганына караганда, борбор шаар Парижде Ле Мэйр менен эл аралык салык күн тартибин, климаттын өзгөрүшүнө каршы саясатты жана эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү үчүн абдан жемиштүү жолугушуу өткөрүшкөнүн айтты.

Жолугушуулардын алкагында катышкан иштеринен маалымат берген Элван: «Кеңешме жыйындарынын чегине катышкан семинарда биз эл аралык салык реформасында жеткен этапка байланыштуу өлкөбүздүн приоритеттерин бөлүштүк. Биз реформа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өнүгүү приоритеттерине шайкеш келиши керек экенин баса белгиледик. OECDнин Министрлер Кеңешинин «Жашыл келечекти куруу» отурумунда климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жашыл каржылоону илгерилетүү маселеси талкууланды. Биз жашыл инвестицияларды аныктоо үчүн маалыматтарды стандартташтыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, өлкөбүздүн пландаштырган кадамдары тууралуу бөлүштүк»,-деди.



Тектеш кабарлар