"Евфрат калканы" аймагында 1 аскер шейит болду

Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда 2016 -  жылы август айында жана 2017 - жылдын март айларында террорго каршы "Евфрат калканы" операциясын жүргүзгөн.

1716334
"Евфрат калканы" аймагында 1 аскер шейит болду

Улуттук коргоо министрлиги берген жазуу түрүндөгү маалыматта "Евфрат калканы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта террористтердин ракеталык кол салуусунда 1 аскердин шейит болгондугу билдирилди. 

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да министрликтин твиттер эсебинен көңүл айтып : "Баатыр шейитибизге өзүмдүн жана улуттук коргоо министрлигинин кызматкерлеринин атынан Аллахтын ырайымын, кайгылуу үй  -  бүлөсүнө жана элибизге көңүл айтып, сабыр тилеймин",- деди. 

Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда 2016 -  жылы август айында жана 2017 - жылдын март айларында террорго каршы "Евфрат калканы" операциясын жүргүзгөн. 

 

 

 



Тектеш кабарлар