Эл аралык аба транспорту ассоциациясына түрк төрага дайындалды

Пегасус авиакомпаниясынын башкы менеджери Мехмет Т.Нане  2022 - жылдын июнунан тарта  Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) Башкаруу Кеңешинин төрагасы болот.

1715515

Компаниянын билдирүүсүнө караганда, Мехмет Т.Нане Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын Жалпы Кеңешинин жылдык 77 -  жыйынында 2022 -  жылдын июнь айынан тарта ишин баштоо үчүн Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинин алгачкы түрк төрагасы катары ишин аткара турган Нане 2022 – жылы 19 – 21 -  июнда Кытайдын Шанхай шаарында өткөрүлө турган Башкы Ассамблеянын 78 -  жыйынында учурдагы төрага Робин Хейзден өткөрүп алат. Нане 2023 -  жылы Башкы Ассамблеянын 79 -  жыйыны аяктаганга чейин ишин улантат.

Эл аралык аба транспорту ассоциациясы 120 өлкөдөн 290 мүчө авиакомпания менен жалпы аба жолунун 82 пайызын түзүүдө.

Тектеш кабарлар