Фахреттин Алтун улуттук информатикалык программанын зарылдыгын баса белгиледи

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун бул тууралуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

1714993
Фахреттин Алтун улуттук информатикалык программанын зарылдыгын баса белгиледи

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, кечээ социалдык медиада болгон байланыш көйгөйүнө байланыштуу, «Дүйнөлүк социалдык медиа компаниялардын канчалык морт экенин көрсөткөн көйгөй улуттук кибер түшүнүгүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды»,деген баасын берди.

Фахреттин Алтун, социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө, дүйнөдө жана Түркияда эң көп колдонулган социалдык медиа каналдарында кечээ болгон кыйынчылыктын узактыгы, жыйынтыктары жана дүйнөгө эмнени үйрөттү же үйрөтө турганы жагынан эмитеден байланыш тарыхында маанилүү орунду ээлегенин айтты.

Фахреттин Алтун өз билдирүүсүндө мындай деди: «Дүйнө жүзүнө «альтернативасы жок» деп аталган глобалдык социалдык медиа компаниялардын канчалык морт жана тартипсиз экенин көрсөткөн бул көйгөй улуттук кибер түшүнүгүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды. Болуп өткөн көйгөй айрыкча бардыгыбызга  чындыгында өздүк маалыматтарыбыздын канчалык коркунучта болгонун, социалдык эркиндиктерибиздин канчалык тез жана оңой түрдө чектөөгө болорун, социалдык медиадагы баш аламандык жеке адамга жана коомго орду толгус зыян алып келиши мүмкүн экенин көрсөттү.

Ата мекендик, улуттук жана коопсуз программалык камсыздоого көбүрөөк көңүл буруп аларды өнүктүрүүдөн тышкары, глобалдык социалдык медиа каналдарынын адамдын эркиндиктерине шек келтирбестен, белгилүү жана ишенимдүү тартипте иштөөсүн камсыз кылуу зарылчылыгы турат. Түркия Республикасы санарип дүйнөсүнүн көптөгөн пайдалары менен кошо ала келген ушундай терс таасиринен жарандарыбыздын зыян тартпашы үчүн бардык мекемелер жана уюмдары менен процессте, иштерин улантууда».



Тектеш кабарлар