Украина Россиянын колундагы жарандары үчүн Эрдогандан жардам сурады

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Таййип Эрдогандан Россия камакка алган украиналыктарды бошотууга колдоо сурады.

1712992
Украина Россиянын колундагы жарандары үчүн Эрдогандан жардам сурады

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба президент Владимир Зеленскийдин  Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандан Россия  камакка алган Украин жарандарын бошотуу үчүн жардам сурагандыгын жарыялады.

Кулеба өткөргөн маалымат жыйынында Зеленский менен Эрдогандын Нью - Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76 -  жыйынында  жекеме-жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн  эске салды.

Кулеба сүйлөшүү учурунда Зеленскийдин Эрдоганга Крым Татар Улуттук Парламентинин спикеринин орун басары Нериман Желал да араларында болгон 450 кишилик украиналык туткундун  тизмесин бергендигин айтты.



Тектеш кабарлар