Эрдоган-Путин жолугушуусу аяктады

Жабык эшик артында өткөн жолугушуу 2 саат 45 мүнөткө созулду.

1712363
Эрдоган-Путин жолугушуусу аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаштарды күн сайын бекемдөө менен улантуунун чоң пайдалары бар»,- деди.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Сочи шаарындагы Президенттиктин резиденциясында жолугушту.

Жабык эшик артында өткөн жолугушуу 2 саат 45 мүнөткө созулду.

Президент Эрдоган жолугушуу алдындагы билдирүүсүндө, Түркия-Орусия карым-катнаштарынын абдан башкача жол менен өзүн көрсөткөнүн жана соода көлөмүнүн учурда жакшы абалда экенин белгилеп: «Соода көлөмү мындан да жакшырат деп ишенем. Өзгөчө туризмдеги колдооңуз үчүн (Путинге) ырахмат айтамын»,- деди.

Орусиянын кызматташуусу менен курулушу уланып жаткан Мерсин Аккую атомдук станциясына байланыштуу Эрдоган: «Биз келерки жылы биринчи агрегатынын ачылышын жасай алабыз»,-деп айтты.

Түркия менен Орусиянын коргоо өнөр жайында биргелешип таштаган кадамдарына токтолгон Эрдоган: «Түркия-Орусия карым-катнаштарын күндөн-күнгө күчтөндүрүп улантуубуздун чоң пайдалары бар. Сирия боюнча чогуу таштаган кадамдарыбыз абдан маанилүү. Ал жердеги тынчтык Түркия менен Орусиянын мамилесине да байланыштуу»,-деди.

Путин болсо: «Эрдоган менен болгон жолугушууларыбыз дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок биздин тийиштүү мекемелерибиз жана уюмдарыбыз макулдашуу таба алышат. Түркиянын Орусиядагы инвестициялары жалпысынан 1,5 миллиард долларга, ал эми Орусиянын Түркиядагы инвестициялары 6,5 миллиард долларга жетти. Бардык ири долбоорлор пландаштырылгандай уланууда», деп билдирди.

«Карабахтагы кызматташуубуз ок атууну токтотууда да, келечектеги бекем тынчтыкка жетишүүдө да маанилүү элемент»,- деген Путин: «Түркия менен кызматташтыгыбыз эл аралык аренада ийгиликтүү уланууда. Бул жерде Сирия жана Ливия боюнча позицияларыбызды айтып жатам»,-деди.



Тектеш кабарлар