Чавушоглу Вензел менен жолугушту
Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан маалымат берди.
1711926
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Кеңешинин өнүктүрүү банкынын төрагасы Рольф Вензел менен жолугушту.
Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан Вензелдин кабыл алынышына байланыштуу маалымат берди.
Чавушоглу билдирүүсүндө: «Түркия негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Европа Кеңешинин өнүктүрүү банкынын төрагасы Рольф Вензелди кабыл алып, Түркиядагы долбоорлорго кошкон салымын талкууладык»,-деди.