Эрдоган БУУнун Азык-түлүк системалары саммитине видео кайрылуу жөнөттү
Эрдоган дүйнө калкынын саны өскөн сайын глобалдык азык-түлүккө болгон суроо-талаптын да көбөйгөнүн баса белгиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Балдарыбызга адилеттүү жана жашоого ыңгайлуу дүйнөнү калтыруу биздин жалпы милдетибиз»,-деди.
Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк системалары саммитине жөнөткөн видео кайрылуусунда, туруктуу өнүгүүнүн алкагында 2030-жылга чейин ачарчылыкты токтотуу максатынын тилекке каршы алыс экенин айтты.
Дүйнө калкынын саны өскөн сайын глобалдык азык-түлүккө болгон суроо-талаптын да көбөйгөнүн баса белгилеген Эрдоган, кыйратуучу таасирлери күчөгөн климаттык апааттар, суунун жетишсиздиги жана кургакчылык сыяктуу климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттеринин азык-түлүк ресурстарына да терс таасирин тийгизгенин белгиледи.
Азык-түлүк системалары үчүн чыгымдар көбөйүп, азык-түлүк булактарына жетүүнүн кыйындаганын жана азык-түлүк коопсуздугунун бузулушу бүгүнкү күндүн эң маанилүү сыноолорунун бири болгон массалык миграцияга алып келгенин баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын коронавируска чейин 2019-жылы керектүү иштерди баштаганын түшүндүрдү.
Эрдоган: «Биздин улуттук жол картабыз, аш болумдуу, жеткиликтүү жана коопсуз тамак-ашка ар кимдин арзан баада жетүүсүнөн тартып, азык-түлүк жоготууларынан ысырапчылыкты азайтууга, айыл чарба, мал чарба жана суу азыктары секторунда туруктуулукка, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга каршы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чейин ар кандай маселелерге багытталган», деди.
Коопсуз тамак-аштын жеткиликтүүлүгү артыкчылык эмес, ар бир адам үчүн укук экенин баса белгилеген Эрдоган: «Балдарыбызга адилеттүү, жашоого ыңгайлуу жана гүлдөгөн дүйнөнү калтыруу биздин жалпы милдетибиз. Түркия катары бул багытта чечкиндүүлүк менен иштөөнү улантуудабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.