Эрдоган Нью-Йоркто лидерлер менен жолугушуусун улантты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ)  Нью-Йорк шаарында лидерлер менен жолугушууну улантууда.

1709384
Эрдоган Нью-Йоркто лидерлер менен жолугушуусун улантты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76 -Башкы Ассамблеясына барган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ)  Нью-Йорк шаарында лидерлер менен жолугушууну улантууда.

Эрдоган Албаниянын премьер -министри Эди Раманы кабыл алды.

Түркеви имаратында басма сөзгө жабык өткөн кабыл алуу бир саатка жакын созулду.

Кийинчерээк президент Эрдоган Хорватиянын экс -президенти Колинда Грабар Китарович, Болгариянын экс -президенти Пётр Стойонов, Босния-Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин мурдагы серб мүчөсү Младен Иванич жана Бурундинин президенти Эваристе Ндайишимие менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Эрдоган Ндайишимиеге «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» китебин тапшырды.

Жаңы медиа сүрөтчүсү Рефик Анадол менен да баарлашкан президент Эрдоган, кийин ФИФАнын президенти Жанни Инфантинону Түркевинде кабыл алды.

Эрдоган Ирактын президенти Бархэм Салих менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар