Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью -Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76 -Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү.

1708865
Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү
CB Erdoğan BM Konuşmasıı.jpg
CB Erdoğan BM Konuşması5.jpg
CB Erdoğan BM Konuşması.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы эки жылда дүйнө оор мезгилдерди баштан кечиргенин жана жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) кесепетинен 4,6 миллион кишинин өмүрүнөн айрылганын белгилеп:«Он миллиондогон адамдар вирустун туткунунда турган кезде, вакцинанын улутчулдугунун улантылып жатышы адамзат үчүн уят»,-деди.

Президент Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью -Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76 -Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү.

Эрдоган өз сөзүндө бүт адамзаттын болжол менен 2 жылдан бери азаптуу күндөрдү башынан өткөргөнүн эске салып: «Коронавирустун эпидемиясынан улам дүйнөдө биз 4,6 миллион кишиден ажырадык. Он миллиондогон адамдар вирустун туткунунда турган учурда, вакцинанын улутчулдугунун улантылып жатышы адамзат үчүн уят»,-деди.

Түркиянын бир жагынан жарандарына эң мыкты саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөткөнүн баса белгилеп, экинчи тараптан 159 өлкөгө жана 12 эл аралык уюмга медициналык жардам жөнөткөнүн айткан Эрдоган: «Мен жакында биздин улуттук вакцинабыз TURKOVACты, улутубуз менен бирге бүткүл адамзаттын пайдасына сунуштай тургандыгыбызды билдиргим келет»,-деп айтты.

Эрдоган Ооганстан боюнча, «Биз мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдө тынчтык, стабилдүүлүк жана коопсуздук орнотулат жана ооган эли тынчтыкка жетет деп үмүттөнөбүз. Түркия катары бул оор күндөрдө ооган элине карата бир туугандык милдетибизди аткарууну улантабыз»,-деди.

Эрдоган, бүткүл дүйнөнүн көз алдында жүз миңдеген кишинин өлүмүнө жана миллиондогон адамдардын жер которуусуна себеп болгон Сириядагы адамзат трагедиясынын 10 жылын артта калтырганына көңүл буруп, Түркиянын бир тараптан дээрлик 4 миллион сириялыкка кучак жайганын, бул аймакта кан жана көз жашын көлдөткөн террордук уюмдарга каршы да талаада күрөш жүргүзүп жатканын айтты.

«Эл аралык коомчулук Сирия кризисинин дагы 10 жылга уланышына жол бере албайт», - деп айткан Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2254 номердүү резолюциясына таянып, Сирия элинин күтүүлөрүнө жооп бере турган саясий чечим табуу үчүн күчтүү эрк көрсөтүлүшү керек экенин баса белгиледи.

«Биздин аймакта туруксуздукту жараткан жана тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурган эң маанилүү проблемалардын бири Израиль-Палестина жаңжалы»,-деп айткан Эрдоган: «Палестина элине карай зомбулук уланып жаткан чакта, Жакынкы Чыгыштын туруктуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетиши мүмкүн эмес. Ушул себептен улам, басып алуу, аннексиялоо жана мыйзамсыз отурукташуу саясаты дароо токтотулушу керек. Кудстун 1947 номердүү Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына таянган эл аралык статусуна ээ болушу үчүн, Харем-и-Шарифтин кол тийбестигин жана Палестина элинин укуктарын коргоону улантабыз. Тынчтык процесси жана эки мамлекеттүү чечим табуу тууралуу көз караш эч кандай кечиктирилбестен жандандырылышы керек»,-деп айтты.

Кипр маселесинин адилеттүү жана туруктуу чечилишинин натыйжага багытталган жана реалдуу мамиле менен гана мүмкүн болорун баса белгилеген Эрдоган: «БУУ бирдей деп кабыл алган аралдагы эки элдин биринин лидери сизге кайрыла алса, экинчи лидер бул аянтчада сөз сүйлөй албоосу адилеттүүлүк эмес»,-деди.

Эрдоган аймакта Чыгыш Жер Ортолук деңизинин эң узун жээгине ээ болгон Түркияны көз жаздымда калтырган түшүнүктөн баш тартуу зарыл экенин баса белгиледи.

Акыркы убакта Кавказда стабилдүүлүккө байланыштуу маанилүү кадамдардын ташталганын эске салган Эрдоган: «Азербайжан, коргонуу укугун колдонуу менен, Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин темасы болгон жана көп жылдардан бери аткарылбай келе жаткан өзүнүн аймагын басып алууну токтотту. Бул абал, региондо бекем тынчтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн терезелеринин ачылуусуна да мүмкүнчүлүк түздү»,-деди.

Эрдоган:«Аннексиясын биз тааныбай турган Крым менен кошо Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоого маани беребиз»,-деп айтты.

Кытайдын территориялык бүтүндүгү көз карашында мусулман уйгур түрктөрүнүн негизги укуктарын коргоого көбүрөөк аракет кылыш керек деп ойлогондорун белгилеген Эрдоган, Кашмирде 74 жылдан бери уланып келе жаткан көйгөйдүн диалог аркылуу жана БУУнун тиешелүү резолюцияларынын алкагында чечилишин колдогон мамилелер улантылганын белгиледи.

Сөзүндө, «Ар бир мүмкүнчүлүктө билдире турган «Дүйнө бештен чоң» деген билдирүүнү, климаттын өзгөрүшү жагдайында да кайталайбыз»,-деп айткан президент Эрдоган, «Жер шарына эң көп зыян келтирген, жаратылыш байлыктарын мыкаачылык менен иштеткен адам, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө дагы эң чоң салым кошушу керек»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар