Эрдоган: «АКШ ооган качкындары тууралуу көбүрөөк иш кылышы керек»

Президент Эрдоган БУУнун 76 -Башкы Ассамблеясынын жыйналыштары үчүн барган АКШнын Нью –Йорк шаарында Американын CBS телеканалына маек куруп берди.

1709328
Эрдоган: «АКШ ооган качкындары тууралуу көбүрөөк иш кылышы керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ооган качкындары тууралуу көбүрөөк иш кылышы керектигин айтып, «АКШ эмне үчүн 20 жылдан бери бул жерде, ал биринчи кезекте бул суроолорго өз алдынча жооп бериши керек»,-деди.

Президент Эрдоган БУУнун 76 -Башкы Ассамблеясынын жыйналыштары үчүн барган АКШнын Нью –Йорк шаарында Американын CBS телеканалына маек куруп берди.

Толук түрдө жекшемби күнү жарыялануучу маектешүүдөн бөлүшүлгөн бөлүмдө Түркиянын «качкындар кампасы» болбой турганын айткан сөздөрү эске салынып, ооган качкындары үчүн жоопкерчиликти АКШ алышы керекпи деген суроого президент Эрдоган: «Учурда АКШ мындай милдеттерди аткара элек. Учурда биздин өлкөдө 300 миңден ашуун документи жок ооган качкындары бар. Биздин өлкө дагы эле ооган качкындарын кабыл алууга чамасы жетпейт»,-деди.

Президент Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын ооган качкындары тууралуу көбүрөөк иш кылышы керектигин белгилеп, «АКШ эмне үчүн 20 жылдан бери бул жерде, ал биринчи кезекте бул суроолорго өз алдынча жооп бериши керек»,деген өз баасын берди.



Тектеш кабарлар