Эрдоган:«ДЕАШбы, ПККбы же ФЕТӨбү, бизде террордук уюмдарга алдырып кое турган бир дагы бала жок»

Президент Эрдоган Нью -Йорктогу Жаңы Түркеви имаратында TURKEN (Foundation) фондунун делегациясын кабыл алуусунда сөз сүйлөдү.

1708415
Эрдоган:«ДЕАШбы, ПККбы же ФЕТӨбү, бизде террордук уюмдарга алдырып кое  турган бир дагы бала жок»

 

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «ДЕАШбы, ПККбы же ФЕТӨбү, бизде террордук уюмдарга алдырып кое  турган бир дагы жаш же бала жок»,-деди.

Президент Эрдоган Нью -Йорктогу Жаңы Түркеви имаратында TURKEN (Foundation) фондунун делегациясын кабыл алуусунда сөз сүйлөдү.

Өкмөт учурунда жаштар боюнча жүргүзгөн иштерине ушул сезимталдык менен кайрылышканын баса белгилеген Эрдоган: «Биз жаштарыбыздын эң мыкты жана эң жабдылган түрдө өсүшү үчүн эч нерсебизди аяган жокпуз. Биз аларга мамлекетибиздин институттары тарабынан берилген стипендиялардан жана фонддорубуздун шыктандырылышына чейин ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштадык. Биздин TÜRKEN фондубуз өзүнүн ишмердүүлүгү менен өзүбүздөгү жаштарыбызга да, өлкөбүздүн жана түрк-америкалык коомчулуктун келечегине да инвестиция салууда»,-деп айтты.

Эрдоган сөзүн мындай улантты: «ДЕАШ болобу, ПКК болобу, ФЕТӨ болобу, бизде террордук уюмдарга алдырып кое турган бир дагы жаш же бала жок. Билип же билбей тузагына түшкөн, биз жете албаган, колунан кармай албаган жаштарыбыздын ар биринин азабын сезип жатабыз».

Президент Эрдоган андан кийин Түркия-АКШ Ишкердик Кеңеши (TAIK) тарабынан уюштурулган иш-чарада АКШнын бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда сөз сүйлөдү.

Түркия менен АКШнын ортосунда бир гана экономика жана соодада эмес, коопсуздуктан террорго, коргонуудан инвестицияга чейин кеңири чөйрөдө олуттуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеген Эрдоган: «Түркия менен АКШ эки күчтүү стратегиялык өнөктөш жана 70 жылдан бери союздаш. Бул абдан өзгөчө жана негиздүү кызматташуу жылдар бою дүйнөнүн көптөгөн аймактарында тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка салым кошту»,-деди.



Тектеш кабарлар