ПККнын дагы 5 террористи ишендирүү аркылуу багынышты
Билдирүүдө багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн 1999-2016 -жылдар аралыгында террордук уюмга кошулуп, Ирак менен Сирияда кыймыл кылганы белгиленди.
1708000
Жикчил террордук уюм ПККнын дагы 5 террористи ишендирүү аркылуу багынышты.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, министрликтин координациясы астында жүргүзүлгөн ынандыруу аракеттеринин натыйжасында ПККдан качкан террордук уюмдун 5 мүчөсү бүгүн коопсуздук күчтөрүнө багынганы маалымдалды.
Билдирүүдө багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн 1999-2016 -жылдар аралыгында террордук уюмга кошулуп, Ирак менен Сирияда кыймыл кылганы жана ишендирүү аракеттеринин натыйжасында быйыл багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 151ге жеткени маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.