Президент Р. Т. Эрдогандан Диярбакырга биримдик чакыруусу

Президент Р. Т. Эрдоган Диярбакырда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана алдыңкы адамдары менен өткөрүлгөн жыйында  биримдикке чакырды.

1705755
Президент Р. Т. Эрдогандан Диярбакырга биримдик чакыруусу

 

Президент Р. Т. Эрдоган Диярбакырда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана алдыңкы адамдары менен өткөрүлгөн жыйында  биримдикке чакырды.

Президент Эрдоган Диярбакырда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана алдыңкы инсандар менен өткөргөн жыйында Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш менен телефон аркылуу сүйлөшүп, катышуучуларга кайрылды.

Эрдоган сөзүндө программага катышкандарга салам берип, катышуучуларды туура жолдо басууга чакырып : «Эмне бар болсо биримдик ичинде, бул жолдо улантууда бар экенине ишенем. Бул үчүн аткарган иштерибиз чоң мааниге ээ. Өзгөчө аймакта сиздерден чоң кызмат күтүп жатабыз»,- деди.

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө маселелердин чечилишинде алдыңкы инсандар, бейөкмөт уюмдарга, фонддорго, коомдорго жана мугалимдерге маанилүү иштин түшкөндүгүн айтып : «Маселелерибизди билим менен акылмандык менен кыраакылык менен чечебиз. Бир кылымдан бери географиябызда болуп келе жаткан ыплас сценарийлер жакшылык үчүн чогулган алдыңкы инсандар менен бейөкмөт уюмдардын жардамы менен жакшы натыйжага жеткен жок»,- деди.

Түркия Диянет фондунун дүйнөнүн 149 өлкөсүндө иш алып баргандыгын белгилеген Эрбаш : «Ал жердеги адамдарга курмандык этин таратканыбызда бул адамдар көз жашы ичинде «Түркиядан Алла ыраазы болсун»,- деп дуа кылышат. Мына ушул адамдардын биз үчүн кылган дуалары менен тик турабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар