Вице - президент Фуат Октай Кыргызстанда

Вице  - президент Фуат Октай Биргелешкен Экономикалык Комиссиянын 10 -  жыйыны үчүн Кыргызстанга барды.

1705451
Вице  - президент Фуат Октай Кыргызстанда

Вице  - президент Фуат Октай Биргелешкен Экономикалык Комиссиянын 10 -  жыйыны үчүн Кыргызстанга барды.

Октай сапарынын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды ылдамдатуу максатында өткөрүлө турган аккредитацияга жана соода, өнөр жай, энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, токой жана туризм тармактарында кол коюла турган протокол аземине катышат.

Түрк фирмаларынын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүп жаткан Октай, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушат жана урматына бериле турган сый тамакка катышат.

Фуат Октай Кыргызстанда курулушу бүткөн  Маариф билим берүү комплексин ачат.

Ошол эле учурда, Ковид-19  эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында Түркия тарабынан берилген 150 миң доза Sinovac вакцинасы Кыргызстандын борбору Бишкекке барды.

Вакцинаны жеткирген учакты Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган "Манас" аэропортунан тосуп алышты.

Бейшеналиев Түркияга Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөштө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана Sinovac вакцинасынын 18 жаштан жогору жаштагыларга бериле турганын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар