Октябрь айында TURKOVACтын массалык өндүрүшү башталат

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

1705502
Октябрь айында TURKOVACтын массалык өндүрүшү башталат

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа : «Өндүрүлө баштаган TURKOVAC вакцинабыз  бүгүн экинчи объектте өндүрүлө турган инфраструктурага жетти. Эгер бекитиле турган болсо октябрда массалык өндүрүштү баштайбыз"-, деди.

Министр Кожа өткөргөн пресс  - жыйынында : «18 жаш жана андан жогору жаштагы адамдардын биринчи доза вакцина катнашы 82 пайыз, экинчи доза вакцина алгандардын катнашы 63, 8. Толук доза вакцина алгандардын катнашы 6 миллион 32 000 болду»,- деди.

«100 миллион доза ийгилиги бизди чоң бир жыйынтыкка даярдап жатат. Бул жыйынтык коомдун иммунитети. Ылдам жете аларыбызга ишенем»,- деген Кожа : «Бир объектте өндүрүлө баштаган TURKOVAC вакцинабыз бүгүн экинчи бир объектте өндүрүлө турган абалга келди. Бекитиле турган болсо октябрь айы ичинде массалык өндүрүшкө өткөбүз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар