Түрк фирмалары АКШдагы спутник жарманкесинде

Satellite-2021 жарманкеси башталды.

1705113
Түрк фирмалары АКШдагы спутник жарманкесинде

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) уюштурулган дүйнөдөгү эң ири спутник жарманкеси Satellite-2021 (кечээ) Мэриленд штатында башталды.

Жарманкенин ачылышын Түркиянын Вашингтондогу элчиси Мурат Мержан менен транспорт жана инфраструктура министринин орун басары Өмер Фатих Саян ишке ашырышты.

Жарманкеге спутник тармагында кызмат кылган Түрксат, Түрк авиация жана космос өнөр жайы TUSAŞ жана PROFEN фирмалары Түркиянын атынан катышууда.

Жарманкенин биринчи күнүнүн аягында Түркиянын Вашингтондогу элчилигинде Türksat AŞ, TUSAŞ жана PROFEN тарабынан уюштурулган сый кече өткөрүлдү.

Сый кечеде сөз сүйлөгөн Хасан Мурат Мержан Түркиянын космос жана спутниктер тармагындагы өнүгүүлөрүнө ыраазы экенин билдирди.

Өмер Фатих Саян да Түркиянын космос жана спутник технологиялары боюнча иштеринин акыркы 20 жылда ылдамдаганын айтты.

Саян: «Мен бул жерде Türksat, TUSAŞ жана PROFEN сыяктуу секторлорубуздун маанилүү оюнчуларында да ушул эле чечкиндүүлүктү көргөнүмө кубанып жатамын. Бул тармакта бизди алда канча чоң долбоорлор жана чоң ийгиликтер күтөт»,- деди.



Тектеш кабарлар