Президент Эрдоган бул жылкы окуу жылынын ачылуу аземине катышты

Эрдоган Стамбулдагы Султанахмет кесиптик жана техникалык Анадолу лицейинде 2021 – 2022  билим берүү жылынын ачылуу программасына катышты.

1703395
Президент Эрдоган бул жылкы окуу жылынын ачылуу аземине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган : «Коронавирус эпидемиясы жараткан кыйынчылыктарга карабастан билим берүүнү өлкө масштабында үзгүлтүккө учуратпаган бир канча мамлекеттин бири болдук»,- деди.

Эрдоган Стамбулдагы Султанахмет кесиптик жана техникалык Анадолу лицейинде 2021 – 2022  билим берүү жылынын ачылуу программасына катышты.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : «2021 – 2022 билим берүү жылынын окуучуларыбызга, ата  - энелерибизге, билим берүү жамаатына жана өлкөбүзгө пайдалуу болушун каалайбыз»,- деди.

Бетме  - бет билим берүүнүн улантылышы үчүн вакцинациялоонун маанисине көңүлдөрдү бурган Эрдоган : «Вакцинациялоодо жалпы доза саны 100 миллионго карай баратат»,- деди.

Президент Эрдоган : «Билим берүү министрлигинде курган санариптик түзүлүш менен мектептерибиздеги процесстер, оорунун жүрүшүн жакындан иликтеп жатабыз. Бетме  - бет билим берүүнү улантууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Вакцинациялоо тууралуу чакыруу салган Эрдоган буларды айтты : «Кезеги келген бардык жарандарыбызды, эң башта да билим берүү жамаатыбызды, ата  - энелерибизди вакциналарын алууга чакырам.  Бир топ өлкөнүн массалык вакцинациялоодо олуттуу маселелер менен беттешкенинине көңүл бурганыбызда бул картина өлкөбүздүн маанилүү ийгилиги. Эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу, эң башта окуучуларыбыз, мугалимдерибиз, ата  - энелерибиз жана баарыбыздын көрүлгөн чараларга баш ийүүбүзгө  байланыштуу».



Тектеш кабарлар