ТРТ Баграм авиабазасындагы абактын көрүнүшүн көрсөттү

Баграм аба базасындагы түрмө көптөгөн оогандардын аң-сезиминде өчпөс из калтырды.

1702343
ТРТ Баграм авиабазасындагы абактын көрүнүшүн көрсөттү

Түркия радиотелеберүү мекемеси (ТРТ) АКШ июлдун башында бир түндө бошотуп берген Ооганстандагы Баграм авиабазасындагы абактын көрүнүшүн көрсөттү.

Баграм аба базасындагы түрмө көптөгөн оогандардын аң-сезиминде өчпөс из калтырды.

ТРТ Хабер каналы, борбор шаар Кабулдан болжол менен 50 километр алыстыктагы абакка кирип, афган туткундары акыркы кезге чейин жаткан бөлмөлөрдү көрсөттү.  

ТРТ Хаберге маалымат берген кээ бир оогандар эч бир айып тагылбастан көп жылдар бою Баграм аба базасындагы абакта жатышканын айтышты.

Түрмөдө катуу кыйноолорго дуушар болгонун айткан афгандар, америкалык аскерлер базадан чыгып кеткенден кийин эшикти сындырып эркиндикке ээ болушканын билдиришти.



Тектеш кабарлар