Эрдоган Сивас Курултайынын 102 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Сивас Курултайынын 102 жылдыгы белгиленип жатат.

1702457
Эрдоган Сивас Курултайынын 102 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан Сивас Курултайында көрсөтүлгөн эрк жана чечкиндүүлүк менен биримдигин жана тилектештигин сактаган түрк улутунун Боштондук күрөшүн жеңиш менен аяктаганын айтты.

Президент Эрдоган Сивас Курултайынын 102 жылдыгына карата билдирүү жарыялады.

Эгемендүүлүгүнөн, туусунан жана мекенинен эч качан баш тартпай турганын дүйнөгө жар салган чечимдер кабыл алынган Сивас Курултайынын түрк улуту үчүн тарыхый бурулуш болгонун белгилеген Эрдоган: «Ар кандай тоскоолдуктарга карабастан Сивас Курултайында көрсөтүлгөн эрк жана чечкиндүүлүк менен биримдигин жана тилектештигин сактаган түрк улутунун Боштондук күрөшүн жеңиш менен аяктады. Биз дагы учурда ар бир кадамыбызды Сивас Курултайында кабыл алынган жана Түркия Республикасынын пайдубалын түзгөн чечимдердин негизинде таштап жатабыз»,-деди.

Тарыхы даңазалуу жеңиштерге жык толгон түрк улутунун экономикалык жана саясий көз карандысыздыгын бузбастан чечкиндүүлүк менен иштөөнү улантышкандарын билдирген Эрдоган сөзүн мындай улады: «Улутубуздун эркин бийик тутуп, мекенибизди коргоп 2023-жылга карата максаттарыбызды жана 2053-2071-жылдарга болгон көз караштарыбызды ишке ашыруу үчүн улуу жана күчтүү Түркия жүрүшүн улантып жатабыз. Сивас Курултайынын 102 жылдыгында, Гази Мустафа Кемал баш болгон бардык баатырларыбызды таазим кылып эскеребиз, Курултайга кожоюндук кылган сивастыктарга жана бардык жарандарыбызга саламымды жолдоймун»,-деди.



Тектеш кабарлар