Чавушоглу Сербияга барды

Чавушоглу эки күндүк жолугушууларынын алкагында эки өлкөнүн карым-катнаштарын, аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулайт.

1700121
Чавушоглу Сербияга барды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сербиянын тышкы иштер министри Никола Селаковичтин чакыруусу менен бул өлкөгө барды. 
Чавушоглу эки күндүк жолугушууларынын алкагында эки өлкөнүн карым-катнаштарын, аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулайт.

Алгач Сербияда ишкерлер менен жолугуша турган Чавушоглу, андан соң президент Александр Вучич тарабынан кабыл алынат.

Министр Чавушоглу серб кесиптеши Селакович менен да жолугушат. Бул жолугушуудан кийин эки министр басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришет.

Борбор шаар Белграддагы Осмон доорунан калган Байраклы мечитин зыярат кыла турган Чавушоглу, Жаңы Базардагы Түрк консулдугунун ачылышы да жасайт.



Тектеш кабарлар