Шентоп: «Биз ырайымсыз кол салууларды айыптайбыз»

Мустафа Шентоп кечээ Ооганстанда болгон кол салуулар тууралуу билдирүү жасады.

1698568
Шентоп: «Биз ырайымсыз кол салууларды айыптайбыз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп кечээ Ооганстанда болгон кол салууларга байланыштуу: «Биз адамкерчиликсиз, ырайымсыз кол салууларды айыптайбыз. Күнөөсүз адамдарды бутага алган мындай кыргынды эч нерсе актабайт; алардын жоопкерчилигин эч нерсе жеңилдете албайт»,- деди.

Мустафа Шентоп кечээ Ооганстанда болгон кол салуулар тууралуу билдирүү жасады.

Социалдык медиа баракчасындагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Биз Ооганстанда болгон адамгерчиликсиз жана ырайымсыз кол салууларды айыптайбыз. Бейкүнөө адамдарды бутага алган мындай кыргынды эч нерсе актай албайт; эч нерсе алардын жоопкерчилигин жеңилдете албайт. Биз Ооганстанда тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрө турган күндөр үчүн дуба кылып жатабыз»,-деди.

Ооганстандын борбор шаары Кабулда Хамид Карзай эл аралык аэропорту жайгашкан аймакта болгон террордук кол салууларда 110 киши, анын ичинде 13 америкалык аскер набыт болуп, кеминде 150 киши жаракат алды.

Талибдер айыптаган чабуул үчүн жоопкерчиликти ДЕАШ өзүнө алды. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден да кол салууну ДЕАШтын Хорасан бөлүмү жасаганын билдирди.



Тектеш кабарлар