Түрк аскерлери өлкөгө кайта баштады

345 жүргүнчүсү бар учак Түркия убактысы боюнча саат 11.45те Эсенбога аэропортуна конду.

1697775
Түрк аскерлери өлкөгө кайта баштады

Афганистандагы милдетин ийгиликтүү аткарган түрк жоокерлери өз мекенине кайта баштады.

Түрк жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүү иштери аяктагандан кийин Кабулдагы "Хамид Карзай" эл аралык аэропортунда кызмат өтөгөн түрк аскерлеринин эвакуациясы башталды.

Түрк аба күчтөрүнө таандык транспорттук учак менен Кабулдан Пакистандын борбору Исламабадга барган Түрк куралдуу күчтөрүнүн элементтери, андан кийин Түрк аба жолдорунун TK 6889 рейси менен борбор шаар Анкарага жөнөп кетишти.

Бортунда 345 жүргүнчүсү бар учак Түркия убактысы боюнча саат 11.45те Эсенбога аэропортуна конду.

Түркия Афганистандагы Эл аралык Коопсуздук Күчтөрүндө (ISAF) кызмат кылган аскерлерин бул өлкөгө 2002-жылдын июнунда жөнөткөн болчу.

1400 аскерден турган түрк бөлүгүндө Кабул аэропортун тейлеген жана кайтарган Аскердик аба күчтөрүнүн кызматкерлери да бар.



Тектеш кабарлар