Президент: «Түркия улуу цивилизациялык мурастын бүгүнкү мураскери катары жаңы өсүштө»
Эрдоган Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгына карата уюштурулган программада сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия чыгыш менен батышка тиешелүү нерселердин баарын кучагына алган жана кабыл алган улуу цивилизациялык мурастын бүгүнкү мураскери катары жаңы өсүштө»,-деди.
Эрдоган Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгына карата уюштурулган программада сөз сүйлөдү.
Президент Эрдоган: «Биз даңазалуу тарыхыбыздан шыктанган бул демилгелерди жаштарыбыз менен бирге жеңишке жеткирүүгө чечкиндүүбүз»,-деп айтты.
Режеп Таййип Эрдоган сөзүн мындайча улантты:
«Дүйнөнүн глобалдык, саясий жана экономикалык тартиби кайра калыптанган бул мезгилди, туруктуулуктун жана ишенимдин климатын сактап калуу менен пайдаланганда жеңишке жеткен болобуз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.