Кожа: «Түркия эмдөө боюнча 7-орунда»

Кожа кечээ Твиттердеги баракчасынан Ковид-19га каршы эмдөөнүн дүйнөлүк рейтингин бөлүштү.

1696952
Кожа: «Түркия эмдөө боюнча 7-орунда»

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө боюнча Түркиянын дүйнөдө 7-орунда турганын айтты.

Кожа кечээ Твиттердеги баракчасынан вакцина дозасынын дүйнөлүк рейтингин бөлүштү.

Министр Кожа: «Биз жалпы дозалардын саны боюнча дүйнөдө 7-орундабыз. Түркия менен калкынын саны бирдей болгон вакцина чыгаруучу Германия 6-орунду ээледи. Биринчи орунда турган өлкө 1 миллиард 400 миллион калктуу Кытай. Көптөгөн Европа өлкөлөрү бул өлкөдөгүдөй ылдамдыкты жана көрсөткүчтү көрсөтө алышкан жок. Кана биз күтүп жатабыз», деди.


Этикеткалар: #каршы эмдөө боюнча

Тектеш кабарлар