Эрдоган Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты

Эрдоган Битлистин Ахлат районунда өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

1697266
Эрдоган Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз мындан ары эч кимдин же кандайдыр бир күчтүн өлкөбүзгө, улутубузга жана жаштарыбызга зыян келтиришине жол бербейбиз»,-деди.

Эрдоган Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгынын алкагында Битлистин Ахлат районунда өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган: «2023-жылга карата максаттардын негизинде өлкөбүздү демократиянын жана татыктуу өнүгүүнүн деңгээлине жеткирүү үчүн болгон күчүбүз менен күрөштүк, күрөшүп жатабыз», -деди.

Эрдоган: «2053 жана 2071-жылдардагы максаттардан улам Түркияны дүйнөнүн бардык жагынан эң күчтүү өлкөлөрүнүн катарына коюу милдетин жаштарга мураска калтыруудабыз»,-деп айтты.

«Биз мындан ары эч кимдин же кандайдыр бир күчтүн өлкөбүзгө, улутубузга жана жаштарыбызга зыян келтиришине жол бербейбиз» деген Режеп Тайип Эрдоган, Түркиянын бүгүнкү күндө өз аймагындагы жана дүйнөдөгү ар бир орчундуу маселеде сөзү өткөн өлкөгө айланганын айтты.

Президент Эрдоган, Ахлаттагы Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, Илим жана Маданият Уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк маданий мурастарынын болжолдуу тизмесине кирген дүйнөдөгү эң чоң түрк-ислам көрүстөнү болгон Селжук аянтындагы көрүстөндү да зыярат кылды.



Тектеш кабарлар