Чавушоглу Крым платформасынын улуттук кеңсесине барды

Чавушоглу иш сапардын сүрөттөрүн социалдык медиа эсебинен да бөлүштү.

1696022
Чавушоглу Крым платформасынын улуттук кеңсесине барды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Крым Платформасын түзүү Саммитине катышуу үчүн барган Украинада Крым Платформасынын улуттук кеңсесине барды.

Чавушоглу иш сапардын сүрөттөрүн социалдык медиа эсебинен да бөлүшүп,«Биз Крым Платформасынын түзүлүү Саммитине байланыштуу иштей баштаган Крым Платформасынын улуттук кеңсесине бардык»,деди.

Чавушоглу саммитте сүйлөгөн сөзүндө Украинанын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, Түркиянын Украинанын аймактык бүтүндүгүн катуу колдогонун белгилеп: «Эл аралык коомчулуктун бул эл аралык укуктун бузулушуна (Крымдын мыйзамсыз кошулушу) каршы бир пикирде сүйлөөсү керек»,деген баасын берген болчу.



Тектеш кабарлар