Сьерра -Леоненин президенти Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди

Био өзүнүн Твиттер эсебиндеги билдирүүсүндө кечээ кесиптеши президент Эрдоган менен жемиштүү жолугушуу өткөргөндөрүн айтты.

1693485
Сьерра -Леоненин президенти Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди

Сьерра -Леоненин президенти Юлиус Маада Био Түркияга болгон сапарынан кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Био өзүнүн Твиттер эсебиндеги билдирүүсүндө кечээ кесиптеши президент Эрдоган менен жемиштүү жолугушуу өткөргөндөрүн айтты.

Био өзүнүн бөлүшүүсүндө төмөнкүлөргө орун берди; «Келечекке карай көз караштары  жана үзүрлүү жолугушуу үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдиргим келет. Улуу урматтууга жана Түркия Республикасынын дос элине бизге көрсөткөн жылуу меймандостугу үчүн ыраазымын.»

Президент Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарада Сьерра Леоненин президенти Био менен жабык эшик артында жолугушту.

Жолугушууга лидерлердин жубайлары Эмине Эрдоган менен Фатима Маада Био да катышты.



Тектеш кабарлар