ЙПГ/ПККнын Афринге карата ракеталык кол салуусу
Кол салуу тууралуу Хатай губернаторлугу маалымат берди.
Сириянын Тель Рыфат аймагынан ЙПГ/ПКК террористтеринин Афринге жасаган ракеталык кол салуусунда 3 жаран каза болуп, 4 жаран жаракат алды. Каза болгондордун ичинен бирөөсү бала.
Хатай губернаторлугунан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө ЙПГ/ПКК террористтеринин Тель Рыфат аймагынан Африн шаар борборуна Түркия убактысы боюнча саат 14:30 чамаларында 13 ракета аткандыгы белгиленди.
Билдирүүдө ракеталык кол салуунун натыйжасында алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 жарандын каза болгондугу, алардын бирөөсүнүн бала экендиги жана 4 жарандын жаракат алгандыгы, жаралуулардын ооруканаларда дарыланып жаткандыгы маалымдалды.
Маалыматта кол салуу тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.