Сел апаатында каза болгондордун саны 70ке жетти

3 облуста да издөө – куткаруу иштери үзгүлтүксүз улантылууда.

1691678
Сел апаатында каза болгондордун саны 70ке жетти

Кара деңиз аймагында сел апаатынан каза болгондордун саны 71ге жогорулады.

Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгынан берилген маалыматта селден улам Кастамонуда 60, Синопто 10, Бартында да 1 кишинин каза болгондугу билдирилди. Маалыматта 8 кишинин ооруканада дарыланып жаткандыгы белгиленди.

Сел апаатынан кийин Бартындын Улус районунда 341, Кастамонуда 1480, Синопто Аянжык району жана маалаларында 560 жабыркоочунун эвакуациялангандыгы маалымдалды.

Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгы селден улам Синопто жана Кастамонуда жоголгондордун саны 47ге жеткендигин билдирди. 

3 облуста да издөө – куткаруу иштери үзгүлтүксүз улантылууда.



Тектеш кабарлар