Мевлүт Чавушоглу : "Кабул элчилигибиз өз ишин аткарууда"

Министр Чавушоглу Алжирдеги жолугушууларынан кийин өлкөгө кайтардан мурда күн тартиби тууралуу билдирди.

1691768
Мевлүт Чавушоглу : "Кабул элчилигибиз өз ишин аткарууда"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Кабул элчилигинин өз ишин улантып жаткандыгын билдирди.

Министр Чавушоглу Алжирдеги жолугушууларынан кийин өлкөгө кайтардан мурда күн тартиби тууралуу билдирди.

Чавушоглу Афганистандагы акыркы абал тууралуу : «Афганистанда дипломатиялык миссияларыбыз тууралуу керектүү чараларды көрдүк. Кабул элчилигибиз ишин улантууда»,- деди.

Башынан бери бардык тараптар менен байланыштарынын бар экендигин жана азыркы учурда да улантылып жаткандыгын айткан Чавушоглу : «Дипломатиялык миссияларыбыз жана бардык кызматкерлерибиз тууралуу керектүү чараларды көрдүк. Кабул элчилигибиз ишин улантууда»,- деди.

АКШ менен талибдердин ортосунда 2020 -  жылы февраль айында түзүлгөн келишимдин негизинде эл аралык күчтөрдүн Афганистандан чыгуу процесси башталган болчу.

Келишимде чет элдик күчтөргө кол салбоо каралганы менен, афган өкмөтү менен Катардагы сүйлөшүүлөрүн  улантып жаткан талибдер июнь айынан бери Афганистандын көптөгөн провинция борборлорун күч колдонуу менен басып алды.

Кечээ борбор шаар Кабулдун тегерегин курчоого алган талибдер президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши жана өкмөт күчтөрүнүн борбор шаардан чыгышы менен бул жерди да көзөмөлгө ала баштады.



Тектеш кабарлар