БУУ Түркияга көңүл айтты
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антони Гутерреш, Түркияда токой өрттөрү жана суу ташкындарынан каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антони Гутерреш, Түркияда токой өрттөрү жана суу ташкындарынан каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Бул тууралуу БУУнун башкы катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирүүсүндө : "Башкы катчы Түркияда жакында болгон токой өрттөрүнөн кийин өлкөнүн түндүгүндө болгон сел жана жер көчкүлөрдүн айынан адамдардын каза болушу менен инфраструктуранын жабыркашынан санааркагандыгын билдирди",- деп маалымдады.
Билдирүүдө Гутеррештин табигый кырсыктардан жапа чеккен үй -бүлөлөргө көңүл айтып, БУУнун бул оор учурда Түркия Республикасынын эли жана өкмөтү менен тилектештик ичинде экендиги баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган менен Казакстандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия менен Казакстандын карым - катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.