Эрдоган чек ара бөлүктөрүнө кайрылды

Эрдоган Ирандын чек ара тилкесинде иликтөө жана текшерүү жүргүзгөн улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөштү жана ал жердеги чаралар тууралуу маалымат алды.

1691357
Эрдоган чек ара бөлүктөрүнө кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын чек арасына курулган дубалдар менен өлкөгө мыйзамсыз кирүү жана чыгууну толугу менен алдын ала тургандарын айтты.

Эрдоган Ирандын чек ара тилкесинде иликтөө жана текшерүү жүргүзгөн улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөштү жана ал жердеги чаралар тууралуу маалымат алды.

Андан соң чек ара тилкесиндеги бөлүк командирлерине кайрылган Эрдоган, чек араларга курулган дубалдар менен өлкөгө мыйзамсыз кирүү жана чыгууну толугу менен алдын ала тургандарын айтты.

Эрдоган: «Анткени бул чек аралардагы дубалдарыбыз биздин коопсуздук жана коргоо дубалдарыбыз болуп саналат. Эгер бул ишти ийгиликтүү аткарсаңыз, Түрк Куралдуу күчтөрүнүн жана коопсуздук күчтөрүбүздүн жүгү жеңилдейт. Бул сезимдер менен сизди куттуктайм жана мындан ары да ийгиликтерди каалайм»,- деди.



Тектеш кабарлар