Акар: «Акыркы 24 саатта 22 террорист зыянсыздандырылды»

Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, Кургактык күчтөрүнүн командири генерал Муса Авсевер жана 2 -армиянын командири генерал Метин Гүрак менен бирге Иран чек арасында көрүлгөн чараларды карап чыккандан кийин билдирүү жасашты.

1691316
Акар: «Акыркы 24 саатта 22 террорист зыянсыздандырылды»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар акыркы 24 саатта 22 террористтин зыянсыздандырылганын билдирди.

Хулуси Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, Кургактык күчтөрүнүн командири генерал Муса Авсевер жана 2 -армиянын командири генерал Метин Гүрак менен бирге Иран чек арасында көрүлгөн чараларды карап чыккандан кийин билдирүү жасашты.

Террорго каршы күрөш улам күчөтүлүп жана темпин жогорулатуу менен үзгүлтүксүз уланганын баса белгилеген Акар, Сириядагы «Тынчтык булагы» аймагындагы операцияда 14, Аскердик аба күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү Гара операциясында 6, Хакуркта 2 террорист болуп акыркы 24 сааттын ичинде 22 террористтин зыянсыздандырылганын билдирди.

Чек ара коопсуздугуна баа берген Акар, чек ара аскерлери жылдын башынан бери өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган 91 078 адамды кармаганын айтты.

Хулуси Акар: «Чек араларыбызга кирүүгө тыюу салынган адамдардын саны 181 328 болду», - деди жана Иран чек арасында модулдук дубалдын курулушунун чоң бөлүмү бүткөрүлгөнүн, 150 километрдик траншея казылганын жана чек ара батальондоруна, полиция бекеттерине жана база аймактарына кошумчалар жасалып күчтөндүрүлгөнүн белгиледи.

Иран чек арасынын коопсуздугу үчүн жерде көрүлгөн чаралардан тышкары, абада учкучсуз учуучу аппараттар  чалгындоо (УУА) кызматын кылганын баса белгилеген Акар: «Баардык чек араларда мурдагыдан да катуу чаралар көрүлүп жатканын, чек араны көзөмөлдөө андан да эффективдүү экенин баары билиши керек», - деди.



Тектеш кабарлар